7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Американын телеканалы жалган билдирүү айтканы үчүн Трампка 15 млн доллар төлөйт

433

ABC News телеканалы жалган жалаа боюнча доо арызды чечүү үчүн, президенттикке жаңы шайланып жаткан Дональд Трампка 15 млн. доллар төлөп берүүгө макул болду.

Буга ушул жылдын 10-мартында Джордж Стефанопулостун жалган билдирүүсү себеп болгон. Алып баруучу Трампты “зордуктоо үчүн күнөөлү деп табылды” деп ырастаган. Бул тууралуу BBC кызматты жазды.

Басылманын маалыматы боюнча, соттук териштирүү Elle журналынын баяндамачысы Элизабет Джин Кэрроллдун айыптоосуна байланыштуу болгон. Ал 1996-жылы Трамп Нью-Йорктогу универмагдын кийим-кечесинде зордуктаганын айткан. Соттук териштирүүдө Трампты зордуктоо үчүн эмес, сексуалдык асылуу жана жалаа үчүн жоопкерчиликке тартты.

Келишимдин шарттарына ылайык, ABC News телеканалы Трамп түзө турган “президенттик фонд жана музейге” 15 миллион доллар төлөп, кошумча 1 миллион доллар юридикалык чыгымдарды жабууга тийиш. Ошондой эле телекомпания алып баруучунун сөздөрүнө өкүнүчүн билдирген расмий билдирүүнү жарыялоого милдеттендирилди.

 

434