Кан рагы менен ооруган бир жаштагы Айлин кечээ, 29-мартта чарчап калды. Ага курч лимфобластикалык лейкемия диагнозу коюлган.
Бул маалыматты үй-бүлөнүн жакындары тастыкташкан.
Кыз үч айдан бери өз өмүрү үчүн күрөшүп келген. Айлиндин ата-энеси — Талант менен Индира кызын сактап калуу үчүн, каражат чогултуп, мекендештерине кайрылууга аргасыз болушкан. Кайрымдуу жарандар акча чогултууга жардам беришип, ымыркайга жилик чучугу трансплантацияланган.. Кыз оңолуп бараткан, бирок оору кайра башталган.
Бул жолу ымыркайдын атасы донор болот деп пландаштырылган. Индира Сапанова экинчи жолу трансплантациялоо үчүн 50 миң доллар керек экендигин билдирген.
Ата-энелер кайрадан Түркияга экинчи операцияга барышты. Андан бир күн мурун ымыркайдын жандандыруу бөлүмүндө жатканы белгилүү болуп, бир нече мүнөттөн кийин ал чарчап калган. Учурда наристенин ата-энеси Түркияда. Кыздын туугандарынын айтымында, анын сөөгү эртең эртең менен үйгө алынып келинет.