Бишкек шаарындагы Темирязева көчөсүнүн №98 дарегинде жайгашкан «Ангелочек» балдар бакчасынынын ашканасы кулап калды. Анын урашынын бирден-бир себеби, бала бакчадан 1 метр алыс эмес жерге көп кабаттуу үй салуу иштери башталган. Бул тууралуу «7-каналдын» Бишкек шаарындагы кабарчысы Жылдыз Капарова жерине барып таанышып кайтты.
Анын айтымында, ашканада ашпозчу 3 баласы менен калып иштечү, бактыга жараша окуя түнү катталган.
«Милиция кызматкерлерине эртең менен эле билдирүү жөнөтүлүп, Бишкекглавархитектурасына, мэрияга арыз жазылды. Азыр мына кеч болду, бири дагы басып келип сураган жок», — дейт бакчанын жетекчиси.
Кошумчалай кетсек, ал жерде кыйроого учураган бир гана бала бакчанын ашканасы эмес, ага жанаша жайгашкан турак үйлөрдүн дагы дубалдары көчүү коркунучунда турат.
https://www.instagram.com/tv/CNCVe_4gzKS/?utm_source=ig_web_copy_link