Манас шаарында 20 гектардан ашык аянтты ээлеген жаңы муниципалдык базардын курулушу 95 пайызга бүттү. Декабрдын ортосунан тарта эски базарлардагы соодагерлерди көчүрүү башталат.
Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жаңы базардагы соода орундары сатылбайт, алар учурда иштеп жаткан соодагерлерге гана бөлүнөт. Ошондой эле мурда соода орундарынан ажыраган 700дөй ишкерге да жай берүү каралган.
Жаңы базарда соода жана тейлөө жайларынан тышкары 14 банк, тамактануучу жайлар, унаа жуучу жана акча алмаштыруучу жайлар ачылат.
Мындан тышкары, аймакка 1500 коопсуздук камерасы орнотулуп, 2500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулган.



