Ош облусунда 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоого даярдык маселеси каралып, шайлоо тилкелерин талапка ылайык даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, облустук штабдын жыйынында тилкелерди электр энергиясы, интернет жана жылуулук менен камсыздоо, ошондой эле коопсуздук жана тазалык маселелери талкууланды.



