Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыш чыгаруучу ишкана экологиялык талаптарды бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылды.
Экология министрлиги кабарлагандай, текшерүү Сасык-Булак айылында жайгашкан чакан заводдо жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мештердин морлоруна чаң-газ тазалоочу жабдуулар орнотулбаганы аныкталган.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, ишканага төрт пункттан турган эскертме берилди. Кемчиликтерди жоюу үчүн бир айлык мөөнөт белгиленди.
Мындан тышкары, Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, ишканага 28 миң сом айып пул салынды.



