Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Өмүрбек Суваналиевдин билдирүүлөрүнө жооп берип, Садыр Жапаров “Кыргызтесттен” өтпөй калган талапкерлерди өткөрүү боюнча эч кимге тапшырма бербегенин билдирди.
Анын айтымында, өлкө башчы жолугушуулардын биринде тесттен өтпөй калган талапкерлерге мыйзам боюнча кайра тапшырууга мүмкүнчүлүк бар экенин гана айткан.
Алагөзов бардык талапкерлер үчүн бирдей шарт түзүлүшү керектигин белгилеп, тесттен өз билими менен өткөн жарандардын эмгегине шек келтирбөөгө чакырды.



