7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алдамчылык менен алектенген 4 чет өлкөлүк жаран кармалып, алардын жанынан 22 уюлдук телефон табылды

3

Бишкекте мыйзамсыз каржы операциялары үчүн телефондорду колдонгон схема аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин маалыматына караганда, Бишкекте чет өлкөлүк 4 жаран мыйзамсыз онлайн кумар оюндары үчүн төлөм каналын уюштурган.

Алар сентябрдын аягында Кыргызстанга келип, массалык түрдө телефон сатып алышкан. Телефондорго чет өлкөлүк банктын тиркемеси орнотулуп, интернет-казинонун катышуучуларынан акча кабыл алынып, утуштар төлөнүп турган.

Москва көчөсүндөгү батирден 22 телефон жана 3 компьютер алынды. Шектүүлөр кармалды.

Алардын бири А.К. милицияга пара сунуштаган, бул боюнча өзүнчө иш козголду.

4