7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сулайман Кайыпов: Жогорку кеңеш же өкмөт элдик курултайдан коркпош керек

381

Тарыхчы, тилчи, фольклор боюнча адис, профессор Сулайман Кайыпов: Элдик курултай тууралуу ар башка пикирлер айтылууда, айрымдар аны – чыныгы элдик бийлик, маселенин баарын ушул курултай чечиш керек деп түшүнөт. Бирок Конституция боюнча Кыргызстан – республика, анын бийлиги аткаруучу, өкүлчүлүктүү жана сот бийлиги болуп үч бутакка бөлүнгөн, алардын арасына курултай кире албайт, ал жөн гана жогорку бийликке кеңеш бере турган, алыскы максатка жетүү жолдорун аныктаган жогорку жыйын.

Парламент же өкмөт мүчөлөрү элдик курултайдан коркпош керек, ага чогулган акылмандар менен жер-жерлерден чогулган мыктылар стратегиялык маселелерди талкуулап – керек же кереги жок, туура же туура эмес, жасайлы же жасабайлы деген маселени гана чечет жана ошол чечимге жараша президент, өкмөт же парламент тиешелүү кадамга барыш керек. Ошол эле учурда элдик курултайды парламенттин өйдөкү палатасына дагы айлантпаш керек, анда курултай Жогорку кеңештин бир бөлүгү болуп калат…
https://youtu.be/We8iAcnjGuc

382