7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин көчөлөрүн тазалоо чабал жүргөн. Жооптуу жетекчилер тартиптик жазага тартылды

336

Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоо иштерин тийиштүү деңгээлде аткарбаган жооптуу жетекчилер тартиптик жазага тартылды.

Мэриядан билдиришкендей, калаа башчысы Айбек Жунушалиев карды тазалоого жооптуу шаардык кызматтардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көрдү.

Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана ишти сапатсыз уюштургандыгы үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков, Октябрь районунун участогунун башчысы тартиптик жаза алышты.

Белгиленгендей, калаа башчысы “Тазалык” ишканасынан алысырак жайгашкан райондордо карды убагында тазалоо жана инерттүү материалдарды ыкчам чачуу максатында, башка коммуналдык кызматтардын базасына “Тазалыктын” атайын техникасын берүүнү тапшырды.

Ошондой эле коммуналдык ишканалар жаңы техникалардын келишин эске алуу менен иштөө ыкмаларын жана иш алып барууларын өзгөртүү зарылдыгы эскертилди.

337