7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Баасы 1 млрд. 79 млн сом». Мурдагы Нарын темир-бетон заводу мамлекетке кайтарылды

311

Баасы 1 млрд. 79 млн сомдук мурдагы Нарын темир-бетон заводу жана Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 6,6 га болгон кум карьери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

2002-жылы Нарын шаардык администрациясы жерге жайгаштыруу чөйрөсүндөгү өлкөнүн мыйзамдарын бузуу менен «Мунара Курулуш» акционердик коомуна Нарын дарыясынын боюндагы «Запин» участогунда жайгашкан жалпы аянты 6,6 га жер участогун бекитип бергени аныкталган. Буга чейин аталган жер тилкеси Нарын темир-бетон заводуна таандык болгон. Кийинчерээк буйруктун негизинде Нарын шаарындагы «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын жооптуу адамдары «Мунара курулуш» АКсынын ээсине 6,6 га жер тилкесине жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт беришкен.

Бул факт боюнча материалдар маалыматтардын электрондук журналына катталып, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган участок Нарын шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.

Жүргүзүлгөн баалоо экспертизасына ылайык, темир-бетон заводунун жана карьердин базар баасы 1 млрд.79 млн сомду түзгөн.

 

 

 

312