Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын тургуну 19-декабрь күнү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.
Маалыматка ылайык, 1980-жылы туулган А.З. аттуу эркек кишини ИИМ кызматкерлери издөө иштерине көмөктөшүү боюнча ӨКМнин Сүлүктү шаардык ӨК бөлүмүнө кат түрүндө кайрылган.
Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Сүлүктү шаардык №52 ӨКБдан 6 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 8 адам, жалпы 15 адам тартылган.
Кошумча дагы ИИМден 6, жергиликтүү тургундардан 6, жалпы 26 адам издөө иштерин улантууда.
Кошумча маалымат берилет.