7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров: Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек!

346

“Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек!” Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин жаңы дайындалган Төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алманбет Шыкмаматовго тапшырма берди.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мамлекет башчысында өлкө боюнча чоң-кичи базардагы, дүкөн-күркөлөрдөгү соода менен алектенгендердин ишмердүүлүгүндө жаралган көйгөйлөр боюнча акыркы толук маалымат бар.

Дал ушуга байланыштуу Президент Садыр Жапаров жакында эле Министрлер Кабинетинин жаңы дайындалган Төрагасы Адылбек Касымалиевге жана Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Алманбет Шыкмаматовго ЭТТН боюнча тез арада тыкыр анализ жасап, бул ыкманы ири товарларга гана калтыруу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырган.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров жалпысынан фискалдык саясатты элге кошумча жүк болбогудай, ошол эле учурда көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй тургандай кылып иштеп чыгуунун максаттуулугун белгилеген.

Жооптуу кызматкерлер Мамлекет башчысына өз учурунда маалымат берип турушат.”-деди Аскат Алагозов

347