7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу тойдо ээнбаштык кылгандарга 75 миң сом айып салынды

289

Ош шаарында автоээнбаштык жасаган 5 үлпөт той кортежине 75 миң сом айып салынды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Социалдык тармактарда Ош шаарында чоң жолду жаап, терезелеринен тулку боюн чыгарып, башка унааларга жол бербей, тоскоолдук жаратуу менен бара жаткан 5 үлпөт той кортеждеринин видео тасмасы тараган.

Бул факты боюнча Ош шаарынын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, 5 авто унааны кармап, айып короо жайына токтотушуп, ар бир айдоочуга 15 миң сомдон жалпы 75 миң сомго айып салышты.

Байказы Айтикул уулунун айтымында эми бул айдоочулар кайталап, автоээнбаштык жасай турган болсо, мыйзамга ылайык 6 айлык мөөнөткө унаа башкаруу укугунан ажыратылат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

290