Россиянын “Царица” музыкалык долбоорунунун финалында кыргызстандык ырчы Бегимай Турусбекова 46,59 упай топтоп, экинчи орунду ээледи.
Бегимай Турусбекова “Обезоружена” ырын аткарып, негизинен калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан жогорку баага татыды.
Долбоордун жеңүүчүсү болуп 49,62 упай топтогон Светлана Ларионова табылды.
Социалдык тармактардын колдонуучулары жалпысынан Бегимай Турусбекованын бүткүл долбоордун алкагында лидер болгондугун, финалда алган упайлары төмөн бааланганын айтып, сынактын жыйынтыгына терс баа беришти.
Бегимай Турусбекова Жалал-Абад облусунун Казарман айылында туулган. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Бир нече убакыт кафелерде ырдап, бирок турмуш курган соң чыгармачылык карьерасын токтоткон.
Ал 2022-жылдын июнь айында «Ынтымак» паркында Селин Дион менен Уитни Хьюстондун ырларын аткарып, элге таанылган. Бул анын чыгармачылык жашоосундагы жаңы этаптын башталышы болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram