7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды

864

УКМК бүгүн, 31-мартта Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалганын маалымдады.

Маалыматка ылайык, Баткен бажысынын жардамы менен аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча жүрүп жаткан иш-чаралардын алкагында, мамлекеттик чек аранын чек ара бөлүктөрүндө контрабанда иш-аракеттеринин алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

«2021-жылдын 30-мартында Баткен районунун Миң-Булак айылында коңшу мамлекеттен контрабандалык жүктөрдү мыйзамсыз ташып жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары кармалды.
Такталгандай, кошуна өлкөлөрдөн коштомо документтерсиз алынып келинген жалпы көлөмү 2 тоннадан ашык лимон түрүндөгү контрабандалык продуктулар жана 54 миң даана тооктун жумурткалары кармалды. Кармалган жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 852 миң сомго бааланууда.

Учурда Баткен бажы органдары тарабынан кармалган жүктүн базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

865