Москвада баласын саткан кыргызстандык кызга карата сот иши жүрүп жатат. Бул тууралуу соттогу котормочу Салтанат Митиева билдирди.
Анын айтымында, процесс Москва шаарынын Пресненский райондук сотунда жүрүп жатат. Кыргызстандык аялга эки берене боюнча айып тагылууда: «Жалган маалымат» (Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 306-беренеси) жана «Адамдын эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу» (Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси).
«Ал 22 жашта, таптакыр эле жаш кыз. Ал өзү бала десек болот, буга чейин турмушка чыккан эмес. Бир жыл төрт ай камакка алынат. Ал кокустан кош бойлуу болуп калганын билип, баланы өз мекендештерине берүүнү чечкен. Ымыркайды сатып алгандар дагы кармалып, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат», — дейт ал.