7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги ИИМдин облустагы ардагерлери менен жолугушту

1219

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев облустагы ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагалары жана ардагерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда алгач өзүнүн өмүр баяны жана басып өткөн жумуш таржымалы менен тааныштырып, алдыда аткара турган максаттары менен ой бөлүштү.

Ошондой эле «Сиздердин жардамыңыздар жана колдооңуздар менен жаштарды мекенчилдикке тарбиялоодо, ыймандуулукка чакырууда, кылмыштуулуктун жана башка терс көрүнүштөрдүн алдын алууда биргеликте иш алып барабыз. Облустагы болуп жаткан, айрыкча кызматкерлер арасындагы мыйзам бузуучулук, пара талап кылуу сыяктуу туура эмес аракеттер, милициянын беделин түшүрүп жаткандыгы мени катуу өкүндүрүп жатат. Учурда биз сиздердин жаштар үчүн тарбиялык маанидеги түшүндүрүү иштерине жана акыл-насаатыңыздарга муктажбыз» — деди Ашим Тагаев.

Жыйындын жүрүшүндө ардагерлер коомдогу милициянын ролу, азыркы мезгилдеги көйгөйлөрү жана жаштардын улууларга болгон урмат-сыйы жөнүндө маселелерди талкууга алышып, алардын чечүү жолунда ОИИБдин жетекчилигинин орду чоң экендигин баса белгилешти. Андан сырткары, өздүк курамды тарбиялоодогу жана нормативдик актылардын колдонулушу, күжүрмөн даярдыгын бекемдөөдө өздүк курам менен иштөө боюнча орун басарлардын керектигин, кадр маселелерин туура тандоо жана Көк-Жаңгак шаарына милиция бөлүмчөсүн кайра ачуу зарылдыгы туурасында бир катар сунуштар айтылды. Милициянын полковниги Ашим Тагаев ардагерлердин бул кадамдарына терең ыраазычылыгын айтып, жаралган көйгөйлөр боюнча берилген сунуштарды эске алуу менен өз көзөмөлү астында жумуш алып бараарын билдирип өттү.

Ардагерлер жыйындын соңунда жаңы дайындалган жетекчинин өздүк курам үчүн шарт түзүүдө талыкпай эмгектене беришине тилектештигин айтышып, иштеринде ийгиликтер коштоосун, үй-бүлөсүнө аманчылык, ден-соолук жана жергебизде тынчтык болушун каалашып, ак баталарын беришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1220