7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баасы 729 млн 682 миң сом болгон эс алуу борбордун жер тилкеси мамлекетке өттү

405

«Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жалпы аянты 20 гектардан ашуун, базар баасы 729 миллион 682 миң сом болгон жер тилкелери мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында жайгашкан «Бермет» мамлекеттик пансионатынын (Азыркы “Отель Евразия » эс алуу борбору) жер тилкелерин мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүүгө байланышкан коррупция фактысы боюнча кылмыш иши иликтенүүдө.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин балансына жалпы аянты 20 гектардан ашык болгон «Отель Евразия» ЖЧКсына таандык жер тилкелери өткөрүлүп берилди.

УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объекттерди кайтаруу боюнча тийиштүү иштерди улантууда.

406