7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте сойкулук менен алектенген 90го жакын кыз аныкталды

447

Борбордук милициянын ыкчам кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагындагы притондорду, ошондой эле интимдик кызматтарын көрсөтүү менен алектенген кыздарды аныктоого багытталган профилактикалык иш-чара өткөрүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан 50 гө жакын ар кандай жайлар (сауналар, суткалык батирлер, мейманканалар жана интим кызматтарын көрсөтүү үчүн сойкуканалар) текшерилип, анда интим кызматтарын көрсөтүү менен алектенген 90 го жакын кыздар аныкталган.

Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 60 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон 2 адам табылган. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 120 га жакын протокол түзүлүп, ар кандай укук бузуулар үчүн 500 000 сомго жакын айып пул салынган.

Ыкчам-алдын алуу иш-чаралары уланууда.

448