7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чарчап калган наристенин атасы: Дарыгер жумуштан кетти (ВИДЕО)

362

2024-жылдын 19-декабрында Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборунун Онкология жана гематология бөлүмүндө 4 жаштагы Рамил Жекшенбаев каза болгон. Анын атасы спорт кабарчысы Токтомуш Жекшенбай уулу баласынын өлүмүнө дарыгерди айыптап, социалдык тармактарда видео тараган. Бул окуяны 7-канал чагылдырып берген.

Анда, Токтомуш Жекшенбай уулу дарыгер баласына кан тамырга сайылчу дарыны жүлүнгө сайып, анын кесепетинен бала каза тапканын айткан. Рамил 2023-жылы кан рагына чалдыгып, чет өлкөдөн дарыланып келип, акыркы дарысын алууга 13-декабрда ооруканага барышкан.

Токтомуш Жекшенбай уулу 16-январда социалдык тармактагы баракчасында иш боюнча маалымат берип, дарыгердин үстүнөн арыз жазбаганын билдирди.

«Дарыгердин үстүнөн иш козголгон жок. Арыз жазган эмесмин. Себеби соттук иштер экспертизанын жыйынтыгы менен болот, бирок билесиздер экспертизада баланы соёт, анализ алат. Мен ата катары наристемдин союлушун каалабадым. Уулумдун 12 мүчөсүн түгөл, денесине бычак тийгизбей, акыреттик жайына тапшырдым. Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерге мындан ары дарыгер болуп иштей албайт деген чечим чыгарып берди. Ал өзүнүн каалоосу менен арыз жазып жумуштан кеткен экен. Ал эми онкологиянын жетекчилигине сөгүш жарыяланды», — деген ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

363