7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Палестинанын элчиси Жавад Мохаммад Авадды кабыл алды

356

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Палестинанын Кыргызстандагы элчиси Жавад Мохаммад Авадды кабыл алды.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттыруу, парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланып, тараптар Палестинадагы азыркы кырдаал боюнча да ой бөлүштү.

Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан Палестинадагы коогалуу окуяларга, анын ичинен Газа тилкесиндеги согуштук жагдайга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын белгилеп: “Чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бардык палестиналыктарга Жогорку Кеңештин жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз адамзат тарыхындагы бул кайгылуу алааматтын тезирээк токтошуна тилектешпиз. Айрыкча акыркы макулдашуунун бузулбай ишке ашырылышына кызыкдарбыз жана кубаттайбыз”, – деди.

Өз кезегинде элчи Джавад Авад кандуу алааматтан 60 миңдей адам каза болуп, 160 миңден ашуун адам жаракат алганын, урандылар астында дайынсыз жоголгондор да арбын экенин маалымдады. Ошондой эле Газа тилкесиндеги инфраструктура толугу менен талкаланып, турак-үйлөрдүн 85%ы кыйроого учураганын кошумчалады.

Элчи Палестина элинин башына түшкөн кайгылуу күндөрү көрсөткөн колдоосу үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип: “Эл аралык аянтчаларда дайыма ачык пикириңиздерди айтып, кабыл алынган резолюцияларда жана чечимдерде бизди колдоп келесиздер. Биз бул көмөгүңүздөрдү эч качан унутпайбыз”, – деди.

Ошону менен катар элчи Жогорку Кеңештин төрагасына Палестина мамлекетинин парламентинин төрагасынын жолдогон катын тапшырып, Палестинага расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

   

357