7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзамга кол койду

333

Президент Садыр Жапаров “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын дин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү максатында кабыл алынган. Мыйзамдын 1-беренесине ылайык аталган Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык дин тутуу эркиндигин жүзөгө ашыруу үчүн кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган, диний иш субъекттеринин статусун, укуктарын жана милдеттерин аныктайт, алардын ишине байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.

Кабыл алынган Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

– Мыйзамдын түшүнүк аппаратын кеңейтүү (Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер жана түшүнүктөр);

– мамлекет менен дин уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн так регламентациялоо;

– диний уюмдардын ишин мамлекеттик жөнгө салуу тууралуу жоболорду, анын ичинде диний уюмдарды түзүү, алардын ишин аткаруу жана токтотуу тууралуу жоболорду жакшыртуу;

– тыюу салынган иш-аракеттердин толук тизмесин белгилөө;

– диний билим алуу тууралуу жоболорду так регламенттештирүү;

– дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук статусун белгилөө;

– диний ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин түрлөрүн классификациялоо жана алардын эсептик каттоо тартибин аныктоо;

– диний иш субъекттеринин мүлктүк абалы, укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги тууралуу жоболорду аныктоо. Аталган Мыйзам 2025-жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирет.

334