Өлкө башчысынын Автандил Добулбековго берген маегинде анын эл менен жолугушууларын үгүт катары кабыл алуу туура эмес экенин айтты.
“Үгүт иштери боюнча бардыгына бирдей шарт түзүлөт.
Азыркы эл менен жолугушууларымды үгүт катары кабыл алуу туура эмес. Мен жыл башынан бери эле ар бир районду кыдырып келе жатам. Ноябрь ичи бүтөм.
Элдин алдына өзүм чыгып, көйгөйлөрүн угуп, мамлекеттик органдардын ишин көзөмөлдөп жатам. Бул – менин президент катары түздөн-түз милдетим.
Эгер мен эл менен жолугушууларда “Мага добуш бергиле, шайласаңар тигини же муну жасап берем” десем, анда үгүт жөнүндө сөз кылууга негиз болмок.
Бирок мен эч кимди өзүмө добуш берүүгө чакырган жокмун. Мыйзам талаптарын жакшы билем жана аларды сактап жатам. Башка талапкерлерге тоскоолдук жаратуу же кимдир бирөөгө басым көрсөтүү ниетим жок.
Мурда шайлоо учурунда мамлекеттик кызматкерлерди, мугалимдерди, дарыгерлерди үгүт иштерине аралаштырып, добуш топтоткон мезгилди элдин баары унута элек. Бүгүн андай тапшырма жок. Каалаган мамлекеттик кызматкерден сурап көргүлө, кимди шайлоо үчүн иштөөгө мажбурлап жатыптырбыз?
Шайлоо системасы да өзгөрдү. Толук автоматташтырылып, электрондошту.
Адам фактору аралашпайт.
Мурдагыдай миллиондогон бюллетендер алдын ала басылып чыкпайт. Мурдагыдай ар бир участокко 200-300дөн ашыкча бюллетень даярдап коюу деген жок.
Шайлоочу келгенде бюллетень ошол жерден чыгарылып, ар бир жаран өз добушун берет. Бул дагы шайлоонун ачыктыгын, кайсы бир талапкерге илгеркидей ашыкча бюллетендерди кошуп жибербеш үчүн алдын алган механизмдердин бири.
Мен үчүн эң башкысы, шайлоо таза, ачык жана мыйзам чегинде өтүшү керек. Ким талапкер болуп шайлоого катышам десе ак жол. Ар бир жаран өз тандоосун өзү жасайт. Кимди президент кылып шайлоону көпчүлүк эл өзү чечет.
Шайлоодо административдик ресурс колдонулбайт.
Эгер административдик ресурсту пайдаланайын десем, эл менен жолукпай эле мурдагыдай кабинетте отуруп алып, акимдерди, министрлерди чакырып, тапшырма берип койсом көпчүлүк добушту алып беришмек. Бирок мен андай жолду тандабайм. Таза шайлоо менен чыныгы элдин добушун алышым керек” – деди ал.



