7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Аскат Алагөзов: Бишкек мэриясы ЕБРРден алган карызды мөөнөтүнөн мурда төлөп бүттү

359

Бишкек мэриясы ЕБРРден алган карыздын 31,7 млн сомун мөөнөтүнөн мурда төлөп бүттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы алынган 25 млн евро кредитти 2025-жылдын 25-мартына чейин төлөш керек болчу.

“Мындан сырткары, өзүнүн каражатына сатып алып жаткан техникалардын кезектеги партиясы келди. Бул кар күрөп, туз сепкен жана жайында жолдорду жууган универсал унаалар (20 даана), анан дагы кар чогултуучу атайын үч унаа.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы өткөн жылы буга чейин болуп көрбөгөндөй ар кыл багыттагы автопаркын жаңылап алды.

Карыздарды да жаап, ошол эле учурда атайын техникаларды массалык түрдө сатып алып жатканы (жалпы 200дөн ашык) буга чейин бюджеттик акча каражаттары максатыз сарпталып же желип кетип жатканынан кабар берет десек болчудай.

Сүйүктүү калаабыздын жетишкендиктери арта берсин жана башка шаарларыбызга дагы жугуштуу болсун демекчибиз”, — деген Алагөзов.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

360