7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурдан Орунтаев президенттин тапшырмасы менен “Куршевель” тоо-лыжа базасын көрүп келди

328

Бүгүнкү күндө биз лыжа курортторун долбоорлоп, куруп, реалдуу келечекти көрүп жатабыз. Реалдуу инвестициялар, реалдуу каражаттар келип жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

«2024-жылдын июнь айынан бери Мамкурулуш агенттиги тарабынан “Үч чоку” лыжа базасын долбоорлоо боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Ошондой эле, Урматтуу президентибиз Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен мен үч архитектор менен бирге 2024-жылдын декабрь айында Франциядагы Куршавель лыжа курортуна барып келдик. Ал жакта эки күн болуп, бул тармактагы биз билбеген көптөгөн маанилүү нерселерди үйрөндүк. Лыжа базасын долбоорлоо жана куруу учурунда эске алына турган бардык деталдарды иликтеп чыктык.

Бул сапар биз үчүн абдан пайдалуу болду, анткени биз долбоордун дээрлик бардык элементтерин кайрадан иштеп чыгууга туура келди. Себеби, баштапкы түшүнүгүбүз менен чыныгы курулуш процесси бири-биринен таптакыр айырмаланарын түшүндүк. Лыжа базасын долбоорлоо жана куруу өтө татаал процесс экен. Биз башында көптөгөн талаптарды эске алган эмеспиз.

Урматтуу достор, лыжа курорту – бул жөн гана тоолор менен токойлор эмес. Бул – эл аралык стандарттарга жооп берген жана милдеттүү түрдө сертификациядан өтүшү керек болгон ири инфраструктура. Бул инфраструктурага канат жолдору, мейманканалар, тейлөө кызматтары, жолдор, суу камсыздоо жана канализация системалары, тазалоочу жайлар, электр камсыздоосу, жасалма кар жаадыруу тутумдары, фуникулёр гараждары, ресторандар жана дүкөндөрдүн жайгашуусу сыяктуу көптөгөн маанилүү элементтер кирет. Ал тургай, мейманканалардын терезелеринин жайгашуусу жана өлчөмү да маанилүү, анткени алар мейманкананын жылдыз даражасын аныктоодо роль ойнойт.

Урматтуу достор, мурда биз мындай ири долбоорлор тууралуу айтууга мүмкүнчүлүк алган эмес элек. Бирок бүгүнкү күндө биз лыжа курортторун долбоорлоп, куруп, реалдуу келечекти көрүп жатабыз. Реалдуу инвестициялар, реалдуу каражаттар келип жатат. Мен биздин жетекчиликтин демилгелерин колдойм жана алардын аркасы менен биз келечекке ишеним менен карап жатабыз. Кудай буюрса, баары жакшы болот. Бул үчүн биздин Президентибизди колдоо жана ынтымагыбыз маанилүү. Келгиле, бирге аракет кылып, Жыргалан супер-кластерин куралы, келечекти түзөлү!»,- деди Орунтаев.

329