7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада мушташтын кесепетинен окуучу каза болду

570

Чүй облусунун Кант шаарында капыстан каза болгон окуучунун иши Ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

22-январь күнү мектеп окуучуларынын ортосундагы жөнөкөй оозеки чыр-чатак адам өлүмү менен аяктаган. № 3 мектептин 10-классынын окуучусу Р.А. менен 2008-жылы туулган Ч.Д. аттуу баланын ортосунда чыккан чырдын натыйжасында 17 жаштагы бала оор жаракат алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, ал дарыгерлердин бардык аракеттерине карабастан, эсине келбей каза болгон.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалды. Тергөөнүн жүрүшү Ички иштер министри Улан Ниязбековдун жеке көзөмөлүндө турат. Бул иш боюнча мыйзам чегинде бардык чаралар көрүлүп, адилеттүү чечим кабыл алынат.

 

 

571