7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токмоктогу дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору мамлекетке кайтарылды

368

Токмок шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген дарылоо — ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Аянты 1,05 га жер тилкеси менен, 1995-жылы ошол кездеги КР мыйзам ченемдерин бузуу аркылуу менчиктештирилип кеткен дарылоо-ден соолукту чыңдоо борбору мамлекеттин балансына кайтарылды.

Бул борбор Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпастан жеке менчикке толук түрдө берилген. Бирок, Е.У. жетекчи болуп туруп, жасалма келишим түзүп, аталган ден соолукту чыңдоочу мекемени уулуна жеке менчикке өткөрүп берген. Натыйжада, мамлекетке ден соолукту чыңдоо борборунан тиешелүү акцияларынын пакети берилген эмес, башкача айтканда мамлекет пайдадан жана борбордун аймагынын бир бөлүгүн ээликтен ажыратуудан дивиденддерди алган эмес.

УКМК органдары тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген Мамлекеттик мүлктү мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда.

 

369