Кечээ, 27-январда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин жана жетекчилеринин арасында түшүндүрүү-алдын алуу иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында болуп өттү.
Жыйынга КР МинКабга караштуу транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги, ошондой эле бардык регионалдык башкармалыктарынын башчылары онлайн режиминде катышты.
УКМК кызматкерлери иш-чаранын катышуучуларына коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөр, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү. Ошондой эле, 2024-жылдагы каттоо мекемелеринин тутумунда аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын айрым жыйынтыктары жана фактылары айтылды.
Жыйында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды толугу менен жок кылуу милдети коюлганы белгиленди. Буга байланыштуу ТК жана АКК боюнча МА кызматкерлерине коррупциялык аракеттерге же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол берилбестиги тууралуу эскертүүлөр берилди.