7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө мурдагы депутат жана «Жер мафиясынын» өкүлү кармалды

279

Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы депутаты жана «Жер мафиясынын» уюштуруучуларынын бири деп аталган жаран кармалды.

Буга чейин да Баш-Дөбө айыл аймагынын мурдагы башчысы У.Ы.Д. менен аталган айыл аймактын азыркы адвокаты И.И.А. жана алардын шериги кармалган.

2019-2021-жылдар аралыгында аталган адамдар алдын ала макулдашууга кирип, Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн токтомдорун жана жер тилкелерине муктаж жарандардын тизмесин атайылап жасалмалап кол коюп, андан соң аларды мыйзамдаштыруу максатында Өзгөн районунун архивине, архитектурасына жана кадастрына өткөрүп беришкени аныкталган.

Натыйжада жасалма документтердин негизинде 2021-жылы Өкмөттүн токтому менен Ош облусунун Өзгөн районундагы 22га жер «Айыл чарба багытындагы» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына трансформацияланган.

Учурда жогоруда көрсөтүлгөн жер алдамчылыгына тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралары жана тергөө амалдары улантылууда.

280