Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз менчиктештирилген жалпы аянты 3,70 га болгон жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды.
УКМК тарабынан Жалал-Абад шаарында 1960-1970-жылдары жер тилкелери жыгач кампасын жана соода базасын куруу жана жайгаштыруу үчүн бөлүнгөнү аныкталган. Деген менен 1999-2008-жылдары аталган жер тилкелери жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 2,40 жана 1,35 гектар жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Аталган жер тилкелерине социалдык объектилерди, атап айтканда, Спорт жана жаштар ордосун жана Эл аралык Ала-Тоо университетин филиалын куруу пландалууда.