7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кишиге кол салган «Нейтрал» жаштар тобунун айрым мүчөлөрү кармалды

338

9-январда «Нейтрал» аталышындагы жаштар тобунун айрым мүчөлөрү тарабынан жаранга кол салуу болгонун УКМК билдирди.

Андан алган жаракаттарынан улам А.Б.А Ош облустук ооруканасына жаткырылып, ага бир нече операция жасалган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 2001- 2002-жылкы балдар кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө иштери улантылып, бул окуянын калган катышуучуларынын жүргөн жерлери такталууда.

Муну менен катар Ош шаарынын аймагында, өз ара уюшулган жаштар топторунун арасында алектенгендерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үч жаран аныкталган.

УКМК жаштарды, анын ичинде спортчуларды КРнын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылбоо үчүн ар кандай топтордун мыйзамсыз иштерине аралашпоо боюнча олуттуу түрдө эскертип кетет.

339