7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокатта мектептин жылытуу системасын оңдоодо мамлекетке зыян келтирилген

308

Ноокатта мектептин жылытуу системасын оңдоодо мамлекетке зыян келтирилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө жайгашкан К.Акматов атындагы “Борбаш” орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу, оңдоп-түзөө жана кошумча бөлмө куруу иштери боюнча жумуштар иш жүзүндө аткарылбаганына карабастан кабыл алуу документтери жасалмаланган. Натыйжада негизсиз түрдө төлөмдөр жүргүзүлүп, мамлекетке 1 млн 145 миң 600 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан кылмыш иш козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү Ош ОИИБнын тергөө кызматына тапшырылды.

309