7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ханзаада Рахим Ага Ханга көңүл айтты

538

Президент Садыр Жапаров Ханзаада Рахим Ага Ханга атасы Ханзаада Карим Ага Хандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Сиздин атаңыз, Улуу Мартабалуу Ханзаада Карим Ага Хан дүйнөдөн мезгилсиз өттү деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ханзаада Карим Ага Хан өз өмүрүн элдин жакшылыгына арнап, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү жаатына зор салым кошуп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга үмүт жана мүмкүнчүлүк тартуулады. Анын асыл иштери, гумандуулук жана боорукердик баалуулуктары келечек муундар үчүн өрнөк болуп калат. Аза кайгыңызды тең бөлүшүп, бекем кайрат жана сабыр тилейм. Жаткан жери жайлуу болсун. Ыйманы саламат болсун”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

539