7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Азия кубогуна катышат

334

Кыргызстандын U-20 жаштар футбол курамасы 12-февралдан 1-мартка чейин Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына катышат.

Азия биринчилигинин финалдык баскычында жалпысынан 16 команда төрт тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын жаштар курамасы «А» тайпасында Кытай, Австралия жана Катар курамалары менен плей-офф баскычына чыгуу үчүн күрөшөт.

Кыргызстандын курамасы биринчи оюнун 12-февралда Австралиянын жаштар курамасына каршы өткөрөт, андан соң 15-февралда турнирдин кожоюндары – Кытай курамасы менен ойнойт. Ал эми топтук баскычты 18-февралда Катардын жаштар курамасы менен болгон оюн менен жыйынтыктайт.

Регламентке ылайык, ар бир топтун мыкты эки команда плей-офф баскычына өтөт, анда чейрек финал, жарым финал жана финалдык оюндар ойнотулат.

Белгилей кетсек, Азия Кубогунун жарым финалына чыккан командалар U-20 жаштар арасындагы дүйнөлүк футбол чемпиондугуна жолдомо алышат. Бул чемпиондук 2025-жылдын сентябрь айында Чилиде өтөт.

Азия Кубогунун бетттештери «Этномедиа» онлайн-кинотеатры түз алып берет.

335