7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ырчы Кайрат Примбердиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды

373

Ырчы Кайрат Примбердиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка караганда, ырчы «Айран» аттуу YouTube каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасаган.

«Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Примердиевге өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө. УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн 10 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралганын эскертет.

 

374