7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев «Чемпион» тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө катышты

512

Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев КФБнын колдоосу менен тартылган «Чемпион» тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө катышты.

Футбол биримдигинен билдиргендей, тасманын максаты кыргыз футболунун келечегине үмүт жаратуу болуп саналат.

Сюжет боюнча тасма Ысык-Көлдүн жээгиндеги чакан айылда тартылган. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын беттешин көргөн айыл тургундарынын көңүлү калып, кыргыз футболунун келечегине ишеним жоголот. Бирок, ошол эле учурда КР президентинин жарлыгы менен балдар арасында футбол боюнча чемпионат уюштурулат.

Майыптыгы бар Актилек аттуу бала майыптуулугуна карабай өзүнүн футбол тууралуу кыялын ишке ашырып, командасынын жеңишке жетүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңет.

Тасманын режиссёру — Эрмек Казыбеков, продюсеры — Жыргалбек Кеней жана Болот Сагыналиев.

513