7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат: Ур-токмоктун айынан каза болгон окуучунун окуясын текшерүү керек

241

Бишкектин Жал кичи районундагы мектептин ажатканасында ур-токмокко кабылган окуучунун каза тапкандыгын текшерүү керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Надира Нарматова билдирди.

Ал белгилегендей, эл өкүлүнө көз жумган баланын ата-энеси окуяны иликтөөгө кайдыгер мамиле жасалып жаткандыгын айтып, кайрылган.

21-январда Жал кичи районунда жайгашкан Сыдыков атындагы №72 орто мектептин ажатканасында 2010-жылы туулган А.А аттуу окуучу өзүнөн чоң балдардын ур-токмогуна кабылып жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бирок анын өмүрүн сактап калууга кеч болуп калгандыктан бала ооруканада каза болгон. Окуядан кийин камералар өчүрүлүп, баланын өлүмүнө кайдыгер мамиле жасалып жатыптыр. Баланы жоготуу деген оңой нерсе эмес, боздоп жаткан ата-эненин үнүн укук коргоо органдары карап текшерип, тез арада жыйынтык чыгарыш керек”, — деди эл өкүлү.

Милиция тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп, экспертизалар дайындалганын кабарлады. Анын жыйынтыгы менен процессуалдык (юридикалык) чечим кабыл алынат.

242