7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Бишкек-Арена» футбол стадиону 51 миң кишиге ылайыкталат

417

Бишкек шаарынын чет жакасында курулуп жаткан жаңы стадиондун сыйымдуулугу буга чейин 45 миң көрүүчүүгө каралган болчу.

Бирок, Азия футбол конфедерациясынын шарттарына ылайык, Азия Кубогунун ачылыш аземи менен старттык беттешти жана финалдык оюнду кабыл алуу үчүн стадион кеминде 50 миң кишилик сыйымдуулукка ээ болушу керек.

Андыктан, аталган стадиондо жакынкы келечекте Азия биринчилигин оюндарын кабыл алуу үчүн курулуш долбооруна тиешелүү толуктоолор киргизилип, жаңы стадион эми 51 миң көрүчүүгө ылайыкталат.

Курулуш иши долбоор алкагында жүргүзүлүп, бул толуктоолорду ишке ашыруу кыйынчылыкты жаратпайт. Белгилей кетсек, жаңы стадиондун курулушу 2026-жылдын күз айында аяктайт.

418