7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Туристтерге сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүү да маанилүү

227

Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясы аймактагы популярдуу туристтик жайларда коопсуздукту камсыздоодо маанилүү роль аткарат. Туристтер үчүн эң жагымдуу жерлердин бири — Шахты Жыргалаң айылынын тоолуу аймагы. Бул жерде чет
элдик саякатчылар фрирайд-экстремалдык сноуборд жана тоо лыжасы менен машыгат.

Туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери туристтердин коопсуздугун гана камсыз кылбастан, аларга пайда болгон бардык маселелер боюнча жардам берип, сапаттуу сервистиктейлөө көрсөтүшөт. Бул өз кезегинде экстремалдык эс алууну коопсуз жана ыңгайлуу кылат.

Чет элдик туристтердин ыңгайлуулугун арттыруу максатында, милиция кызматкерлери бир нече тилде, анын ичинде англис тилинде да сүйлөшөт. Бул, өзгөчө тоолуу маршруттарда коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү, анткени туристтер менен эффективдүү байланыш түзүү, алардын коопсуздугун сактоо үчүн зор мааниге ээ.

Мындан тышкары, милиция кызматкерлеринин лыжа жана сноуборд тебүү тажрыйбасы да бар. Бул аларга татаал кырдаалдарда жана жетүүгө кыйын жерлерде ыкчам жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындай тажрыйба, өз кезегинде, ар кандайча кырыктарга тез жооп берүүгө жана туристтердин коопсуздугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Туристтик-экологиялык милиция аймактагы туристтердин коопсуздугун камсыз кылуу менен бирге, Ысык-Көл облусунун уникалдуу жаратылыш ресурстарын сактоого да активдүү катышат.

228