УКМК Бишкек шаарынын Ленин райондук соттук аткаруучулар кызматынын айрым кызматкерлери тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схеманы аныктап, бөгөт койду.
Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, сот аткаруучулар капитан А.А.А. жана лейтенант М.Т.С. жеке кызыкчылыктарын көздөп, мыйзамсыз кирешелерди алуу максатында өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып, жарандардан опузалап акча талап кылуу жана алуу үчүн ар кандай шарттарды түзүшкөн.
Тактап айтканда, жарандык талаш-тартыштарды кароонун жыйынтыгы боюнча сот чечими, адатта, тараптардын биринин пайдасына чыгарылат жана сот аткаруучулар анын кызыкчылыгы үчүн белгилүү бир аракеттерди жасоого милдеттүү. Бирок, аталган жарандар бул процессти создуктуруп, аларга мыйзамсыз акчалай сыйлык берилмейинче өздөрүнүн функционалдык милдеттерин аткарышкан эмес.
18-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул кызматкерлер «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинде каралган кылмышка шектелип, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.
УКМК мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуу максатында мыйзамдарга жазаны күчөтүү жана чектөөлөрдү белгилөө жаатында өзгөртүүлөр киргизилгенин эскертет.
Башкача айтканда, бүгүнкү күндө коррупционерлерге реалдуу жазадан качууга мүмкүндүк берген жеңилдетүүчү нормалар жоюлду, эми айып пул менен кутулуп, бир аз убакыттан кийин кызматка кайтууга мүмкүнчүлүк болбойт. Андыктан кармалган эки жаран эч кандай жеңилдиктерсиз жасаган коррупциялык кылмыштары үчүн максималдуу катуу жазага тартылышат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram