7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Нурланбек Тургунбек уулу: Эч кандай шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтпөйт

523
Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу баса белгиледи.
Өзү баштаган бир топ депутаттардын демилгеси менен парламенттик шайлоонун эрежелерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталганын айткан төрага: “Бул боюнча өлкө жетекчиси менен да макулдаштык. Элге керектүү мыйзам долбоорун кабыл алабыз деген терең ишеничтебиз”, – деди.
Муну менен катар коомчулукта парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт деген кептер тарап жатканына токтолгон Нурланбек Тургунбек уулу: “Алардын баары куру бекер сөз. Кезексиз же мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болбойт. Президенттик да, парламенттик да шайлоолор кийинки жылы өз убагында өтөт. Андыктан, азыркы VII чакырылыштагы парламент ишибизди жигердүү улантып, элибиз үчүн кызмат кыла беребиз”, – деп кошумчалады.

524