7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Транспорт департаментинин башкы адиси пара алып жаткан жеринен кармалды

292

Транспорт департаментинин башкы адиси Бишкекте пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

18-февралда А.Т.Т. аттуу кызматкер 60 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, ал көзөмөлдөөчү органдардын текшерүүсү аркылуу коркутуу менен акча талап кылган.

Ошондой эле, өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан ар кандай маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүү үчүн жарандан бир нече жолу пара алганы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ал 19-апрелге чейин №1 тергөө абагына киргизилди.

УКМК кызмат адамдарынын арасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантууда.

 

293