Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев “Эмгек баатыры”, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, ички иштер министри Улан Ниязбеков, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланышты.
Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгон.
Сыйлыктар Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана Кыргызстандын эгемендигин белгилөөгө арналган иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн берилген.



