7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кеминде менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке алынды

265

Чүй облусунун Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды.

2004-жылы аталган объект Кемин райондук мамлекеттик администрация башчысынын мурдагы орун басарынын жакын тууганы тарабынан жеке менчикке менчиктештирилген.

Көрүлгөн чаралардын негизинде Жаштык кичи району дарегинде жайгашкан 0,40 гектар аянтты ээлеген бала бакчанын аймагы мамлекеттин балансына кайтарылды.

Ошону менен бирге Кемин шаардык мэриясына аталган мектепке чейинки билим берүү мекемесин реконструкциялоо жана куруу маселесин тез арада Кемин шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясынын кароосуна алып чыгуу сунушталат.

266