7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө жоголгон адамдын таш менен корумдалган сөөгү табылды

325

Чүйдө дайынсыз жоголгон адамдын таш менен корумдалган сөөгү табылганын Чүй ОИИБден билдирди. 

Маалыматка караганда, 20-февралда 50 жаштагы аял чогуу жашаган күйөөсү дайынсыз болуп жатканын билдирип, арыз жазган. Анда маркум былтыр 2-ноябрда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбегени айтылган.

12-мартта Токмок — Кегети жолу тарапта таш менен корумдалган сөөк табылган. Экспертиза ал дайынсыз жоголгон А.К. экенин, киши колдуу болгонун аныктаган.

Бул факт боюнча иш козголуп, кылмышка шектүү катары 29 жаштагы Н.А. жана 28 жаштагы К.Ы. кармалган.

«Тергөөдө белгилүү болгондой, маркум Н.А. аттуу жарандын өгөй атасы болгон. Былтыр ноябрда ал досу менен өгөй атасынын үйүндө отуруп, уруша кетишкен. Натыйжада шектүүлөр маркумду катуу сабап, колун байлашкан. Андан соң, автоунаанын багажына салып Кегети капчыгайына алып барышкан да, бычак сайышкан. Маркум көз жумган. Андан соң шектүүлөр сөөктү жол четине таш менен жашырып, окуя болгон жерден качып кетишкен», — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул кылмыш иши боюнча бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.

 

326