7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди

819

 

Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде Ош шаарында, ал эми 5-апрелде Бишкектеги Башкы консулдуктун жана Орусия элчилигинин катышуусунда келген унду өткөрүп алышкан.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк 5 миң 500 үй-бүлөгө жана өлкөнүн аймактарындагы 78 мектеп окуучусуна максаттуу таратууга багытталган.

Жардам берүү Орусиянын 2020-2021-жылдарга БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы фондуна 9 млн доллар көлөмүндө ыктыярдуу максаттуу төгүмдөрүнүн алкагында ишке ашты.

«Орусия Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча мындан башка дагы эл аралык долбоорлорду каржылоону улантат. Орусиянын финансылык жана техникалык жардамынын аркасында республиканын 700 мектебиндеги 400 миңге жакын окуучу ысык тамак-аш менен камсыз болду», — деп айтылат билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

820