7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров менен Пак Бён Соктун жолугушуусунда ири долбоорлор каралды

564

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-апрелде, Кореянын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Пак Бён Сок менен жолугушту.

Президент Кыргызстан «Борбор Азия-Корея Республикасы» кызматташтык форумуна чоң маани берерин жана анын алкагында биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар экенин айтты.

Ошондой эле Мамлекет башчысы учурда Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

«Бул максатта биз өлкөдө саясий жана социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, анын ичинде чет элдик инвесторлорго зарыл болгон кепилдиктерди берүүгө, ачык экономикага, либералдык соодага, валюта режимине жана ыңгайлуу салык базасына багытталган өзгөрүүлөр бар» — деди Садыр Жапаров деди.

Садыр Жапаров кореялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына дагы көбүрөөк инвестиция салууга чакырып, Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана Экономикалык өнүктүрүү жана кызматташтык фонду (EDCF) аркылуу кореялык тараптан көрсөтүлгөн каржылык-техникалык колдоону жогору баалады.

Президент билим берүү чөйрөсүндө эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Кыргыз Республикасынын студенттери үчүн стипендиялык билим берүү программаларынын квоталарын көбөйтүүнү студенттер жана окутуучулар менен алмашуу программаларын ишке ашырууну карап көрүүнү өтүндү.

Төрага кыргыз тараптын билим берүү жана курулуш жаатында кызматташуу боюнча көтөргөн демилгелерин кубаттап, алардын эки тараптуу алакаларды кеңейтүүдөгү ролу зор экенин белгиледи.

«Илдет менен күрөшүүдө сизге ийгилик каалайм. Биз мындан ары да бул багытта кызматташууга даярбыз. Кыргызстан бизди кызматташуу жаатында кызыктырат. Жаратылышы бай жана туризмди өнүктүрүүгө бардык шарттар бар. Биз өз ара кызматташууну тереңдетүүгө даярбыз», — деп белгиледи Төрага Пак Бён Сок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565