7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды

336

Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун аймагында 1997-жылы Светлая-Поляна айылында жайгашкан аянты 257 чарчы метр бала бакча жана 2011-жылы Дархан айылындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин 150 чарчы метр күрөш залы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган.

Менчик ээлери өздөрүнүн социалдык объекттерге ээлик кылуусунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде Жети-Өгүз районунун Жаргылчак айылынын балансына өткөрүп беришкен. Тагыраагы мамлекеттин менчигине кайтарышкан.

 

337