7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде 12 тонна мыйзамсыз мандарин алып өткөндөр кармалды

1062

Баткенде мыйзамсыз алынып келинген 12 тонна мандаринге бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-апрелинде Лейлек районунун тургундары Ж.Э.М., А.М.Р., М.Ш.А жана М.М.Д. аттуу жарандарга таандык төрт Мерседес Спринтер унаасын кармалган.

«Кармалган автоунааларды тинтүү иштеринде коңшу мамлекеттен Кыргыз Республикасынын базарларына сатуу үчүн алынып келинген мандарин түрүндөгү контрабандалык жүктөр табылып алынды. Кармалган жүктүн жалпы көлөмү 12 тоннадан ашык болгон. Ал эми жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн. Коштоочу документтердин жоктугунан товарларды кармоо боюнча протоколдор түзүлүп, кармалган товарлардын базар баасын аныктоо жана төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө үчүн унаалар «Баткен» бажы терминалына киргизилди. Кыргыз Республикасынын УКМК аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча күчөтүлгөн түрдө тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1063